Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Кыргызстандын тышкы иштер министри АКШга барат


Бул тууралуу бүгүн журналисттер үчүн Бишкекте уюштурулган маалымат жыйынында АКШ мамкатчысынын орун басары Уильям Дж. Бөрнс билдирди. Анын айтымында АКШ-Кыргызстан ортосунда өкмөттөр аралык комиссия түзүлгөнү жатат. Министр Кадырбек Сарбаев жетектеген кыргызстандык делегациянын Вашингтонго сапарынын учурунда комиссия алакалардын бардык багыттарын талкуулап, эки тараптуу кызматташтыктын механизмдерин аныкташат.

Президенттин маалымат кызматы мурдараак эки өлкөнүн эксперттери жана адистери конкреттүү экономикалык долбоорлорду иштеп чыгууга келерки айда киришерин маалымдаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG