Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

К. Бакиевдин үгүт иштеринде мыйзам бузулган жок


Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Любовь Шерешкова аталган комиссиянын жыйынында билдирди. 11-июлда Акыйкатчынын алдындагы жаштар жана студенттердин укугун коргоо боюнча кеңеш К. Бакиевдин үгүт иштеринде мыйзам бузуулар орун алып жатат, деп БШКга кат жолдогон. Жаш укук коргоочулар 2-июлда Камбар-ата-2 ГЭСинин курулушуна студенттерди жөнөтүү иш-чарасы өтүп, ага катышкандардын айрымдары К. Бакиевдин сүрөттөрүн көтөрүп, аны даңктаган жазууларды кармап турушканын, муну менен Шайлоо кодексинин бир канча беренелери сакталбаганын билдиришкен. БШКнын өкүлү Любовь Шерешкова бул маселени атайын жумушчу топ иликтеп чыгып, ал акциядагы үгүт иштерди талапкердин штабы өткөрбөгөндүгүн маалымдады. Жаш укук коргоочуларга мындай акция ким тарабынан уюштурулганын Баш прокуратурага кайрылып иликтеп алууну сунуштады. (EBM)

XS
SM
MD
LG