Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Пакистандын Сват өрөөнүнө качкындар кайтууда


Өлкөнүн түндүк – батышындагы бул өрөөнгө миңдеген качкындар кечээ да кайтып келди. Пакистан өкмөтүнүн планына ылайык, өрөөнгө биринчи кезекте учурда качкындар лагерлеринде жашап жаткан 200 миңдей адам кайтуусу керек. Бирок жакындары менен досторунун үйүнөн башпаанек тапкан башка миңдеген адамдар да өз жайларына кайтууга ашыгууда. Пакистандын өкмөттүк күчтөрүнүн Талибандын согушкерлерине каршы апрель айында башталган аскниий операциясы бул чөлкөмдөн 2 миллиондон ашуун адамды жер которууга мажбуралган. Үч айга жакын созулган уруштардан кийин Пакистан бийлиги Сваттын басымдуу бөлүгү талибдерден тазаланганын жарыялады. Бирок инфраструктура талкаланганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG