Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:25

“Мен ишенбейм” кыймылын улуттук коопсуздук кызматы суракка ала баштады


Бул туурасында кыймылдын мүчөсү Наргиза Абдылдаева билдирди. Анын айтымында, УКМКнын кызматкери кыймылдын мүчөлөрүн телефон аркылуу коркутуп, же бирден көчөдөн эле кармап алып сүйлөшүүгө чакырып, түшүнүк кат жаздырып алууга аракет жасап жатышат. “Мен окутуучумун. Менин иштеген жериме УКМКнын кызматкери Эркин Акунов келип, “Эгер шайлоодон кийин баш аламандыктар болуп кетсе, анда сиз Кылмыш кодексинин 233-беренеси боюнча массалык баш аламандыкты уюштургандыгыңыз үчүн күнөөлүү болосуз” деп коркутту”,- дейт Назира Абдылдаева.
УКМК тарабынан мындай аракеттер жекшемби күнү кыймылдын мүчөлөрү түн ичинде “Мен таза шайлоо үчүн” деген урааны бар кагаздарды илгенден кийин башталган. Учурда кыймыл шайлоо өнөктүгүнө көз салып жаткан эл аралык уюмдарга бул фактылардын баарын билдирип, кайрылуу жолдошту. Ал эми УКМКнын маалымат кызматы аларда бул тууралуу так маалымат жок экендигин билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG