Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:09

Бишкекте таштанды иштетүүчү завод курууга насыя суралууда


Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев “Азаттыктын” кабарчысы менен бүгүн маек куруп, анда борбор шаардын турмушуна байланыштуу бир катар суроолорго жооп берди. Түлеевдин айтымында, шаарга таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруш үчүн Россиянын насыясынан 20 миллион доллар суралып жатат.Жолдорду оңдоо жана тыгын маселесин чечүүдө тийиштүү иштер жүрүп жатканын айткан мэр, 129 көчөнүн жамачыларын бүтөө үчүн 59 миллион сом бөлүнгөнүн, тыгындарды азайтуу үчүн Токомбаев көчөсүнөн Жалга карай жаңы жол салынарын билдирди. Жаңы конуштарга суу жетишпей жатат. Алардын маселесин чечүү үчүн Байтик айылынан жакын жердеги Баш-Кара-Сууда жер астынан суу сордуруучу станция курула турган болууда.(AiT)

XS
SM
MD
LG