Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Конституциялык сот Б.Бешимовдун арызы боюнча чечим чыгарууга кетти


Бүгүн Конституциялык сот Социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимовдун арызын кароодо. Конституциялык сотко жолдогон арызында Бешимов Конституциянын 45чи беренесинин 3чү пунктуна ылайык, кызматта турган президент саясий партиялардагы мүчөлүгүн токтотуш керекпи деген маселени аныктап берүүнү өтүнгөн. Конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыкова башында турган соттук коллегия Бакыт Бешимовдун жана доо коюлган тарап “Ак жол” партиясынын юристи Бакыт Сыдыгалиевдин жүйөөлөрүн укту. Бакыт Бешимов президент катары саясий партиянын жетекчиси болуусуна Конституция жол бербесин атады. Өз кезегинде Бакыт Сыдыгалиев Курманбек Бакиев “Ак жол” партиясынын лидери экенин, бул моралдык статус экенин айтып, ага мыйзамдык тыю салуу жок экенин белгиледи. Сот тараптардын мына ушундай жүйөөлөрүн уккандан кийин чечим чыгарууга кетти. Чечим түштөн кийин жарыяланары кабарланды. (AiT)






XS
SM
MD
LG