Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Алай районунда «Сары-Таш» соода борбору күздөң баштап курулат


Ош облустук тышкы экономикалык байланыштар комитетинин төрагасы Мелис Таиров «Азаттыкка» кабарлашынча, дүйнөлүк мааниге ээ «Сары-Таш» соода борборунун курулушу ушул жылдын күзүндө башталып, эмдиги жылы аяктамакчы. Кыргыз-Кытай биргелешкен долбоорун жүзөгө ашырууга жалпы суммасы 100 миллион долларга тете каражат сарпталмакчы. Ал пайдаланууга тапшырылса, жергиликтүү миңдеген калк жумуш менен камсыз болот деген тилек бар. Экономикалык серепчи Эркин Абдырaзаковдун пикиринче, Ош облустук акимчилиги «Сары-Таш» соода борборун ооз жүзүндө курганына үч жылга айланды, бул ирет да убада кагаз жүзүндө кала берээри шексиз. Ал аралыкта Кытай өзү тарапта ири соода түйүнүн тапшырып, мейкиндикти ээлеп алганга үлгүрдү. (ATo)

XS
SM
MD
LG