Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

ЕККУ журналисттерге кол салууларды айыптайт


ЕККУнун Бишкектеги борборунун жетекчиси Эндрю Тесорьер бүгүн Адам укуктары боюнча III Ысык-Көл форумунда: “ЕККУ дүйнөдө анын ичинде Кыргызстанда журналисттерге карата кол салуулар көбөйүп жаткандыгына тынчсызданат”, - деп билдирди. Эндрю Тесорьер маркум журналист Алмазбек Ташиевдин өлүмүнө байланыштуу иликтөө иштеринин жүргүзүлүшүн колдоого алып, маалымат каражаттары өз ишин жоопкерчиликтүү алып баруу үчүн коркутуп-үркүтүүдөн тыш болушу керектигин белгиледи. Бүгүн Бишкекте Адам укуктары боюнча III Ысык-Көл форумунун биринчи күнү жыйынтыкталды. Иш-чара АкыйкатчыТурсунбек Акундун демилгеси, президенттик администрация, ЕККУнун колдоосу менен уюштурулуп, форумда адам укуктарын коргоого байланыштуу маселелер талкууланды. (EK)

XS
SM
MD
LG