Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:50

Түркмөнстан немец компаниясы менен газ чалгындоо келишимин түздү


Мамлекеттик “Нейтральный Түркмөнстан” гезитинин билдиргенине караганда, расмий Ашхабад Каспий деңизинде газ чалгындоого жана өндүрүүгө укук берген келишимди Германиянын RWE компаниясы менен түздү. Аталган компания Набукко газ кууру концорциумунун мүчөсү. Концорциум Каспийдин жана Борбор Азиянын газын Европага жеткирүү үчүн Орусиянын аймагына кирбеген куур төшөөнү көздөөдө. Түркмөн президент Гурбангулы Бердымухамедов өткөн аптада анын өлкөсү Набукко долбоорун газ менен жабдууга даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG