Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

К.Бакиев: Кыргызстан түштүктө террорчулукка каршы борбор түзүү маселесин кароодо


Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев 15-июлда “Нью-Йорк таймс” басылмасынын кабарчысына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул база эмес, бул эл аралык террорчулукка каршы күрөшүү боюнча борбор. Ал борбордо эл аралык террорчулук менен кантип күрөшүү боюнча окуп-машыгуу өткөрүлөт. Президент өлкөнүн түштүгүндө эл аралык террорчулук кайсы учурда болбосун пайда болуу коркунучу мүмкүндүгүн баса белгилеп, ошого каршы кыргызстандык жоокерлер орусиялык аскерлер менен биргеликте окуп-машыгуучу борбор болорун айтты. Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Ошто же Баткенде Орусиянын аскерий базасы түзүлөт экен деген божомолдорду басып жиберишкен эле. (AJ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG