Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

АКШнын Мамкатчысы экстремисттерге каршы күрөшкө колдоо билдирди


Хиллари Клинтон Кошмо Штаттары экстремисттерге каршы Индиянын, Индонезиянын жана башка өлкөлөр менен биргелешип иштешээрин билдирди. Ал былтыр ноябрда Индиянын Мумбай шаарында 166 кишинин өмүрүн алган чабуулдардын курмандыктарын эскерип жатып, ал чабуулду кечээки Индонезиядагы жардырууларга байланыштырды:

– Кечээ Жакартадагы жардыруулар мындай канкор экстремизмдин коркунучу дагы деле күчүндө экендигин кейиштүү эске салды. Бул глобалдык, ак-караны илгебеген, нигилисттик көйгөй. Аны токтотуш керек.

Кол салгандар Жакартадагы Мариот жана Ритс-Карлтон мейманканаларындагы эки ресторанды бутага алышты. Тергөөчүлөр Мариоттогу бөлмөлөрдүн биринен жарылбай калган бомба, башка жабдыктарды табышты.

XS
SM
MD
LG