Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Кара-Кулжада Чотоновго кол салгандарды издеп жатышат


2005-жылкы Оштогу март ыңкылабынын штаб жетекчиси Мырзабек Акматов «Азаттыкка» билдиргенине караганда, каракулжалык жердештери «Ата Мекен» партиясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Чотоновдун үйүн өрттөө аракетин саясатчынын ишмердүүлүгү менен тыгыз байланыштырууда. Алар муну белгилүү саясатчынын өзүнө жана үй-бүлөсүнө кол салуу катары баалашууда.

Кара-Кулжа районунун жүз чакты тургуну жергиликтүү жана борбордук бийликке кайрылып, оппозициялык маанайдагы саясатчы Дүйшөн Чотоновдун көзүн тазалоо аракети боюнча кылмыш ишин козгоп, жорукту жасагандарды жана буюртмачыларды изи сууй электе кармап, жазалоону талап кылышууда.

21-июлга оогон түнү Дүйшөн Чотоновдун Бишкек шаарындагы үйүнүн чатырына белгисиз бирөөлөр өрт чыгарчу суюктук куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып кетишкен. Анын төртөө жарылган, бирок жалын күчөй электе үй ээлери өрттү өчүрүүгө үлгүрүшкөн. Саясатчы өзү муну 23-июлдагы шайлоого байланыштырууда, анткени Дүйшөн Чотонов акыркы кезде президентикке талапакер Алмазбек Атамабаевдин штабында иштеп жаткан. (ATo)

XS
SM
MD
LG