Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Жо Байдендин Украинадагы сапары карыды


АКШ вице-президенти Жо Байден кечээ Киевде украин жетекчилиги менен сүйлөшүп, расмий Киев тышкы саясатта ким менен дос болоорун өзү чечет деп айтты. Ал, ошондой эле, Вашингтон Украинанын НАТОго мүчөлүгүн колдой турганын да билдирди. Орусия буга каршылык көрсөтүп келген. Байдендин кечээги билдирүүсүнөн кийин, Орусиянын НАТОдогу өкүлү Дмитрий Рогозин Байдендин Украина менен Грузияга сапарын бу эки мамлекеттин көңүлүн бир аз болсо да көтөрүүгө далалат кылган “психотерапиялык” визит деп атады, жана эки өлкөдө тең НАТОго мүчө болууга бир да шансы жок деп айтты.

XS
SM
MD
LG