Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:41

Пакистанда 30дан ашуун жоочу өлтүрүлдү


Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн Сват өрөөнүндө өткөргөн жаңы операцияларынын натыйжасында 30дан ашуун жоочу өлтүрүлдү. Кабарларга караганда, акыркы эки күн ичинде өткөрүлгөн аскердик операциянын жүрүшүндө жикчилерге каршы аба күчтөрү да колдонулган. Бир нече айдан бери Сват өрөөнүндө талиптерге каршы өтүп жаткан операциянын жүрүшүндө 1800дөн ашуун жоочу өлтүрүлгөн, 166 жоокер набыт болду.

XS
SM
MD
LG