Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

А.Атамбаев БШК төрагасына кайрылды


Бириккен оппозициялык кыймылдын атынан чыккан талапкер Алмазбек Атамбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовскийге жасаган кайрылуусунда "сиз Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы катары президенттик шайлоо ачык жана адилет өтөөрүн билдиргенсиз. Андан сырткары К.Бакиев ЕККУнун байкоочулары менен жолугушууда да акыйкат шайлоо өткөрүлөрүн айткан. Бирок 23-июль саат 8:00ден 12:00ге чейин эле массалык мыйзам бузуу фактылары катталды. Алар - шайлоо участкаларына шайлоочуларды ташуу, добуштарды сатып алуу, бюллетендерди топтоп салуу, байкоочуларга тоскоолдук жасоо, аларды шайлоо участокторунан кубалап чыгуу фактылары. Мисалга, Бишкектин Октябрь районунда жана Баткен облусунда шайлоочуларды ташуу, Баткен облусунда шайлоочуларды сатып алуу, Токмок жана Жалал-Абадда бюллетендерди топтоп салуу орун алды. Республиканын баардык аймактарында, анын ичинде Ош облусунда биздин байкоочуларга тоскоолдук жасоо болуп атат. Бул саналган баардык фактылар боюнча актылар бар.
Сиз жетектеген БШК бул фактыларга кандай жооп берет, анткени аларга таянып жалпы шайлоонун легитимдүүлүгүн күмөнгө чыгарууга болот, деп айтылган А.Атамбаевдин кайрылуусунда.

БШК өз кезегинде шайлоо соңуна чыга электе эле анын легитимдүүлүгү тууралуу сөздөргө таңданганын билдирип, оппозициянын айрым маалыматтары чындыкка туура келбесин билдирип атат. (AiT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG