Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Атамбаевдин штабынын Чүйдөгү лидери кармалды


Социал-демократтар партиясы оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин Чүйдөгү штабынын координатору Турат Мадылбековду Каржы полициясы болбогон жалаа менен бүгүн эртеден бери кармап алып кое бербей жатканын билдирди. Партия муну Чүйдө шайлоолордун айкын өтүшүнө бийликтин тоскоолдугу катары сыпаттап жатат. Каржы полициясынын маалымат катчысы Нурила Батыралиева Т. Мадылбеков жерге байланыштуу кылмыш иши боюнча суракка чакырылганын, сурак аяктаганда бошотуларын “Азаттыкка” билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG