Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

КСДП ЖКнын депутаты бошотууну талап кылды


Социал-демократиялык партиянын маалымдоосуна караганда, Жогорку Кеңештин депутаты, Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынын Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Мирбек Асанакунов камакка алынды. Буга байланыштуу таратылган билдирүүдө “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндөгү” мыйзамга ылайык ЖКнын депутатын камакка алуу жол берилбеси партия тарабынан белгиленген. Оппозициялык партияга болуп көрбөгөндөй кысым жасалууда. Депутат менен кошо бир нече анын тарапкерлери да камакка алынган. Биз М.Асанакуновду жана анын шериктерин бошотууну талап кылабыз, деп айтылган билдирүүдө. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Балыкчыдагы окуя иликтенип жатканын жана кийинчерээк маалымат болоорун билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG