Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

ИИМ: Шайлоо участкасын басып алуу аракети болду


Ички иштер министрлиги Балыкчыда эки депутат баш болгон ондон ашык адамдын кармалышы боюнча билдирүү таратты. Анда Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын депутаттары Кубанычбек Кадыров менен Мирбек Асанакунов Ысык-Көл жана Тоң райондорунан эки жүздөй адам топтоп келип Балкычы шаарындагы №10 шайлоо участкасын басып алууга аракет кылышканы айтылат. Андан кийин отуз чакты адам Балыкчы шаардык мэрияны басып алууну көздөшкөн. Милиция кызматкерлери мындай аракеттерди токтотуу үчүн ышкырган гранаталарды колдонушкан. Депутаттарга кошулуп он чакты адам азыр Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө алынып келип, кылмыш иши козголду. Социал-демократтар партиясы эки депутат баш болгон топтун кармалышын мыйзамсыз деп айыптып, тезинен бошотууну талап кылышууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG