Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Жарандык коом: Шайлоо үзгүлтүккө учурады


“Менин тандоомдун мезгили” коомдук бирикмеси 23-июлда өткөн президенттик шайлоо аябай көп мыйзам бузуулар менен коштолду, деп билдирди бүгүн маалымат жыйынында. Алардын белгилөөсү боюнча мыйзам бузуулар талапкерлер А. Атамбаев жана Ж. Назаралиевдин шайлоого катышуудан баш тарткандан кийин массалык түргө айланган. “Алар шайлоого катышуудан баш тартуу менен шайлоо участкаларындагы өздөрүнүн байкоочуларын, ишенимдүү адамдарын чакыртып алышты, бул болсо мыйзам бузуулардын өтө одоно, массалык түрдө жасалышына алып келди,” деп билдиришти “Менин тандоомдун мезгили” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү. Алар ошондой эле бармакка боек сүртүүнүн алынып салынышы да шайлоонун акыйкатсыздык менен өтүшүн шарттады, деп эсептешет.
Жарандык коом талапкерлер А. Атамбаев менен Ж. Назаралиевдин шайлоого катышуудан баш тарткандыгына токтолгон “Менин тандоомдун мезгили” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү бул –алардын өздөрүнүн эрки, деп билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG