Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Шымкентте уюшкан кылмыштуу топ кармалды


ИИМдин маалымат кызматынын кабарына караганда Кыргызстан менен Казакстандын милиция кызматкерлери Шымкент шаарында Жумабек Зикирбаев баштаган кылмыштуу топту кармады. Бул топ ондон ашык оор жана өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелүүдө. Алардын катарында ЖКнын мурдагы депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактыяр Амиражанов да саналууда. Бул боюнча кылмыштуу топтун мүчөлөрү көргөзмө берип жатышат деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда ошондой эле кармалгандарды Кыргызстанга алып келүү боюнча Ички иштер министрлиги Казакстандын Ички иштер министрлиги менен эки тараптуу макулдашуулардын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Буга чейин ИИМ депутаттын уулу Бактыяр Амиражановдун ыктымал сөөгү Чоң-Кеминден табылып, анын ДНКсы Москвада текшерилип жатканы мурда кабарланган.(BuS)

XS
SM
MD
LG