Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Ырчы Сагынбек Момбеков дайынсыз жок болууда


27-июль күнү саат 22:30 чендерде Таластын Бакай-Ата районунда жүргөн жеринен ырчыны белгисиз бирөөлөр автоунаага күч менен салып, алып кетишкен. Бул тууралуу Сагынбек Момбеков чөнтөк телефону аркылуу үй-бүлөсүнө айтып үлгүргөн. Андан кийин ырчы менен байланыш болгон эмес. Сагынбек Момбековдун туугандары жана оппозиция анын дайынсыз жоголушун саясий себептер менен байланыштырып, буга бийлик жоопкер деп айтышууда.
Ички иштер министрлигинин күзөт кызматы мындай кабардан таптакыр кабарсыз экендигин “Азаттыкка” маалымдады.
Ырчы Сагынбек Момбеков оппозициялык кыймылга мүчө болуп, бийликтин аракеттерин ачуу сынга алган саясий ырларды ырдап жүргөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG