Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Жалал-Абат шайлоо комиссиясына арыздар өткөн жок


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын облустагы деректири Чолпон Эргешова шайлоо укуктары 23-июлда мурда болуп көрбөгөндөй көп бузулбаганын билдирди. Административдик ыкма толук иштетилди. Адам ташуу, топ-тобу менен бүлүтөн салуу болду. Добуш эсептөөдө бүлүтүндөр байкоочуларга көрсөтүлбөгөн. Жетекчилер казыналык мекемелерде иштеп, шайлоого көз салган байкоочуларды шайлоодон чакыртып алууга жана коркутууга аракеттеништи. Жалал-Абат шаардык комиссиясы 17 мыйзам бузуу актысын кабыл алуудан алуудан баш тарткан. Шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы өз кезегинде актыларда участкалык шайлоо комиссия башчыларынын колу жок болгону үчүн аларды кабыл алуудан баш тартканын айтууда. (YA)

XS
SM
MD
LG