Ош аймактык наркологиялык диспансерден «Азаттыкка» кабарлашкандай, Ош облусунда жана шаарында маңзатка башы байлангандардын саны эки миңди чамалады. Аталган мекеменин жетекчилиги бир эле учурда айрым сурамжылоолор боюнча баңгимандардын эсеби 20-25 миңден ашты деп белгилөөдө. Булардын 75-80 пайызы 30 жашка чейинкилер. Жергиликтүү адистердин айтымында, калк арасында агартуу ишинин начардыгы, ошондой эле Ош аймагынын баңгижолго айланышы баңгимандардын тездик менен көбөйүп жатышын шарттап жатат. (ATo)