Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:50

Кыргыз өкмөтү чочко тумоосунун алдын алуу чараларын көрөт


Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай буга байланыштуу бүгүн кеңири жыйын болот. Жыйынга КР чек ара кызматынын, санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык департаменттеринин, саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилери катышат. Анда коңшу мамлекеттерде да каттала баштаган коркунучтуу илдет –чочко тумоосунун алдын алуу боюнча иш-аракеттер талкууга алынмакчы.

Буга чейин коңшулаш Казакстандын Астана шаарында чочко тумоосун жуктуруп алган 13 киши катталган, бир-эки күн мурун Кыргызстанга жакын жайгашкан Алматы шаарында эки мектеп окуучусу чочко тумоосун жуктуруп алгандыгы аныкталды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG