Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Молдовада парламенттик шайлоодо оппозиция алдыда


Европадагы эң жакыр өлкө катары эсептелген Молдовада парламенттик шайлоо өттү. Алдын-ала берилген маалыматтарга караганда, батышчыл партиялар бийликтеги коммунисттик партияга караганда көп добушка ээ болгон. Оппозициячыл төрт партия 49 пайыз добушка ээ болгону кабарланууда. 2001-жылдан бери бийликте турган Коммунисттик партия 47 пайыз добуш алды. Буга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоолор шайлоодо оппозиция көпчүлүк добушту аларын көрсөткөн болчу. Өткөн айда парламенттеги оппозициялык партиялар эки жолу президентти шайлаттырбай койгондон кийин Коммунисттик партиянын лидери, Молдованын президенти Владимир Воронин мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алган. 5-апрелде парламенттик шайлоодон кийин анын жыйынтыктарына нааразы болгон миңдеген демонстранттар Кишиневдо парламентке өрт коюп, президенттин кеңсесин талкалашкан. Апрелдеги тополоңдон кийин полиция жүздөгөн кишини камакка алган.

XS
SM
MD
LG