Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Кармалган 4 укук коргоочуга сот чечим чыгарды


Шайлоого байланыштуу кармалган адамдарды бошотуу талабы менен Өкмөт үйүнүн алдына чыккан 4 укук коргоочу: Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова, Асия Сасыкбаева жана Гүлнара Журабаева Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Сот аларга административдик кодекстин 392-беренеси боюнча уруксатсыз жерде пикет өткөрүштү деген айып коюп, чечим чыгарды. Сот чечимине ылайык, алардын баары 1500 сомдон айып акыга жыгылышты.

Акыйкатчынын алдындагы коомдук укук коргоочулар кеңешинен билдиришкендей, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө укук коргоочуларга жарым саат убакыт бою адвокаттар киргизилген эмес. Тартип коргоо кызматкерлери мындай аракеттерин административдик тартип бузуу боюнча документтер даяр болгондон кийин киргизилиши керек деген себеп менен түшүндүрүшкөн.(AzK)

XS
SM
MD
LG