Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Бишкек шаар соту кармалгандардын ишин карайт


Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиришинче, 29-июлда оппозициянын митингиси маалында кармалгандардын ишин бүгүн Бишкек шаардык соту караганы жатат. Акыйкатчы кармалгандарга карата катуу жаза чегилгенин, аларды бошотуу үчүн аракеттер жасалып жатканын айтты. Бул маселе боюнча президент Курманбек Бакиевдин өзү менен сүйлөшкөнүн билдирди. Кечээ оппозиция менен айрым аткаминерлер сүйлөшүп, оппозиция Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити маалында каршылык акцияларын убактылуу токтотсо, бийлик кармалгандарды бошотуу тууралуу макулдашканын, алар бүгүн бошотулушу ыктымалдыгын билдирди. Акыйкатчы Балыкчыда кармалгандар боюнча да атайына комиссия түзүлгөнүн айтты. Бүгүн Бишкекте төрт укук коргоочу камалгандарды бошотууну талап кылып акция өткөрүштү. Өздөрүн Ак үйдүн торуна чынжыр менен байлап турганда милиция кармап кетти. Азыр Биринчи май райондук соту укук коргоочулардын ишин карап жатат. Укук коргоочу Төлөкан Исмаиловага "тартип коргоо органдарына баш ийген жок, бейбаштыкка барды", деп 500 сомго айыпка жыкты. (EBM)

XS
SM
MD
LG