Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Молдовада коалиция боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Бул тууралуу 29-июлдагы шайлоодо бийликтеги коммунисттерди утуп алган оппозициялык партиялардын бири – Демократиялык партия – билдирди. Буга чейин бийликте турган коммунисттер партиясы эми парламенттеги көпчүлүк орундан кол жууп калышты. Ошентсе да, оппозициядан бир да партия парламенттеги көпчүлүк орунду жалгыз уткан жок. Төрт башка партия биргеликте гана жеңишке жетишти. Мына ушул партиялардын башын бириктирип, коалиция түзүү маселеси тезинен башталаарын Демократиялык партиянын жетекчиси Мариан Лупу билдирди. Алар кийин президентти шайлоо үчүн коммунисттер менен да компромиске келиши керек болот.

XS
SM
MD
LG