Израилдин тышкы иштер министри Авигдор Либерман ага айып тагылса, кызматынан кете турганын билдирди. Полиция ага коррупция, арам акчаны адалдоо, сотко тоскоолдук түзүү үчүн кине тагуу керектиги жөнүндө билдирген. Либерман 2 жарым миллион доллар пара алган деп шектелүүдө. Министр мыйзам бузбаганын ырастоодо. Либерманга күнөө тагуу үчүн полициянын сунушун Израилдин башкы прокурору жактырыш керек. Саясатчы коалициядагы экинчи ири партияны – ашынган улутчулдар партиясын жетектейт.