Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Орус-кыргыз меморандуму - Батыш басма сөзүнүн назарында


АКШ менен атаандаш Орусия стратегиялык Борбор Азия аймагында таасирин күчөтүүдө. Бул тууралуу жазган Файненшл Таймс гезити Орусия АКШ базасын чыгаруу чечиминен Кыргызстан кайткандан кийин бул өлкөнүн түштүгүндө экинчи базаны жайгаштырууга Орусия күжүрмөн аракеттерди баштагандыгын белгилеген. “Свободанын” жазганына караганда Өзбекстан Борбор Азиядагы үч өлкө туташкан жерге Орусия базасынын жайгашуусу кошуна өлкөлөр ортосунда каршылашууну, аймакта дестабилдүү жагдайды жаратат.
1-августта Орусия президенти Дмитрий Медведев менен Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Кыргызстанда Орусиянын аскер бөлүгүн жайгаштыруу тууралуу ниети тууралуу меморандум кабыл алышты. Анда база Кыргызстандын кайсы аймагында жайгашары белгиленген жок. (BuS)

XS
SM
MD
LG