Кытайда дагы бир киши өпкөнүн кара тумоосу деген оорудан көз жумду. Бул тууралуу Синхуа агенттиги кабарлады. Алыскы Цзинхай провинциясында буга чейин бул өтө жугуштуу илдеттен 2 киши өлгөн. 10 миңдей жашоочусу бар шаарча карантинге алынды, чөлкөмдө дезинфекция иштери жүрүүдө. Ооруга чалдыккан дагы 9 киши жергиликтүү бейтапканада дарыланып жатат.