Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Балыкчыда камалгандардын соту жылдырылды


Ысык-Көл облустук сотунун төрага орун басары Таалай Эралиев муну иш менен таанышуу мөөнөтү аяктай электиги менен түшүндүрдү. Анын айтуусунда Балыкчыда кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч арыз сотко 3-августта келип түшкөн. Судьянын билдиргени боюнча буга байланыштуу соттук жараян 7-августта болот. Аймактагы кабарчыбыздын билдиргени боюнча бул күнкү соттук жараянга кармалгандардын адвокаттары менен тергөөчү гана катышуусу күтүлүүдө.

23-июлда шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларга нааразылык билдирип чыгышкан 22 адамды милиция күч менен камакка алган. Учурда алардын ичинен 13 адам Караколдогу милициянын убактылуу камоочу жайында отурат, алардын арасында Социал-демократтар партиясынын Ысык-Көлдөгү координатору да бар. Кармалгандарга Кылмыш Кодексинин негизинде Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, президенттик шайлоого тоскоол болду, баш аламандык уюштурууга аракет кылды деген айыптар тагылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG