Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:25

Орусия Кыргызстанда жайгашчу база боюнча билдирди


Кыргызстанга жайгаша турган Орусиянын аскер бөлүгү башка өлкөлөргө каршы багытталбайт. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кечээ ушундай билдирүү таратты. Анда белгиленгенге караганда бул аракет эл аралык терроризмден коргонуу максатын көздөйт, ыктымал контингент жана окуу борбору ЖККУнун тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн алкагында пайдаланылат. Кыргызстан менен Орусия президенттери 1-августта Кыргызстанда Орусиянын аскер бөлүгүн жана окуу борборун жайгаштыруу ниети тууралуу Чолпон-Ата меморандуму кабыл алышкан. Өзбекстан буга каршы чыгып, жанаша жашаган Борбор Азиядагы үч өлкөнүн ортосуна Орусия аскер күчтөрүн жайгаштыруу кошуналар ортосунда жаңжал чыгарып, экстремисттик аракеттерди күчөтөт деп билдирген. (BuS)

XS
SM
MD
LG