Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:53

Орус өкмөт башчысы Владимир Путин Түркияга барды


Путин жана Түрк премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган энергия тармагындагы кызматташтык жөнүндө бир катар келишимдерге кол коюшат деп күтүлүүдө. Алар “Түштүк агым” газ куурун куруу перспективасын да сөз кылышмакчы. Россия газды Европага ташый турган куур долбоорун сүрөөнгө алып келатат. Түрк өкмөтүнүн расмий өкүлү Путин менен Эрдоганга Италиянын премьери Силвио Берлускони келип кошулат деп маалымдады. Италиянын ЭНИ (ENI) энергия компаниясы аталган долбоорго Россиянын Газпром ишканасынын шериги катары катышууда. Сапарынын соңунда Путин Түркиянын мамлекет башчысы Абдулла Гүл менен да кездешмекчи.

XS
SM
MD
LG