Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Курманбек Бакиевге дагы куттуктоолор


Кыргыз президенти К. Бакиевди экинчи мөөнөткө мамлекет башчы болуп шайлануусу менен бүгүн Азербайжан президенти Илхам Алиев жана Беларус президенти Александр Лукашенко куттукташты. Азербайжан президенти өзүнүн куттуктоо телеграммасында К. Бакиевди кайрадан мамлекет башчылыгына шайлануусу жана 60 жаш мааракеси менен куттуктап, эки өлкөнүн достук-кызматташтыгы арта берерине үмүтүн билдирген. Ал эми Беларус президенти өзүнүн кыргызстандык кесиптешин мамлекет башчы болуп шайлануусу менен беларус элинин атынан куттуктаган. Ошондой эле А. Лукашенконун куттуктоосунда К. Бакиевге кажыбас кайрат, Кыргызстандын элине гүлдөп өнүгүү жана бакубат турмуш каалоолору айтылган. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Курманбек Бакиев 23-июлда президенттик шайлоодон 72,46% добуш менен утуп чыкканын БШК жарыялаган. Ал эми оппозициялык партиялар шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен административдик ресурстун эпсиз колдонулушу алдында өткөндүгүн билдиришүүдө. Шайлоого катышкан оппозициялык эки талапкер добуш берүү учурундагы мындай мыйзамсыздыктардан улам шайлоону легитимсиз деп таанып, ага катышуудан баш тартышкан.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп, ЕККУнун жана демократиянын стандарттарына туура келбеген мүнөздө өткөндүгүн ЕККУнун байкоочулар миссиясы жана Европадагы эл аралык байкоочулардын ЕНЕМО биримдигинин Кыргызстандагы добуш берүүгө көзөмөл кылган мүчөлөрү да маалымдашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG