Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Экс-министр Жекшенкулов камактан чыкты


Мурдагы тышкы иштер министри, БЭКтин мүчөсүАликбек Жекшенкулов Коопсуздук Комитетинин камагынан бошотулуп, үй камагына алынды. Саясатчынын ден-соолугуна байланыштуу Биринчи май райондук соту ушундай чечим кабыл алгандыгын “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Бир апта мурун Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова Жекшенкуловдун саламаттыгы начарлап кеткенин “Азаттыкка” билдирген.
Экс-министр жана оппозициялык саясатчы кызматынан кыянат пайдаланды, түрк ишкеринин өлүмүнө тиешеси бар деген айыптардын негизинде быйыл 9-мартта Коопсуздук Комитетинин камагына алынган. Ага байланышкан соттук териштирүүлөрдү Биринчи май райондук соту териштирип келатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG