Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Укук коргоочулар каршылык акциясына чыгышат


Келаткан дүйшөмбүдө бир катар укук коргоо уюмдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдында каршылык акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, укук коргоочулар акцияга эки талап менен чыгышмакчы. Биринчи талап, террорчулукка, экстремизмге каршы күрөшүүдө адам укуктарынын сакталышы. Ал эми экинчиси, улуттук коопсуздук кызматынын камоо, куралдуу операцияларды жасоо жаатындагы иштеринин ачык болуусу.

А.Абдрасулованын айтымында, улуттук коопсуздук кызматы Ноокаттагы камоолор, андан кийин Өзгөн, Жалал-Абаддагы террорчуларга каршы операциялардан кийин да маалыматтарды жаап-жашырган жана көптөгөн суроолорду жараткан аракеттерине түшүндүрмө берген эмес. (IJz)

XS
SM
MD
LG