Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Грузия КМШнын курамынан чыгуу жараянын аяктоодо


Расмий Тбилиси Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин курамынан чыгуу ниетин былтыр августа, Орусия менен болгон кыска согуштан кийин билдирген. Мына ошондо башталган жараян бүгүн 18-августа аяктамакчы. КМШнын уставы андан кеткиси кеткен өлкөдөн арызды бир жыл мурда берүүнү талап кылат. Грузин тышкы иштер министринин орун басары Давид Жалагониянын билдиргенине караганда, Грузия КМШнын алкагындагы кээ бир, анын ичинде сооданы жөнгө салган келишимдердин катышуучусу бойдон кала берет.

XS
SM
MD
LG