Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Иран президенти өкмөттүн жаңы курамын сунуш кылат


Махмуд Ахмадинежад анын кызматтагы экинчи мөөнөтүндө бирге иштөөчү өкмөт мүчөлөрү боюнча сунуштарын бүгүн берери күтүлүүдө. Ал бул ирээт министрлик кызматка кеминде үч аялды көргөзүү ниети бар экенин билдирген. Бул Ирандын соңку 30 жылдык тарыхында аялдардын министрлик кызматка алгачкы ирээт келүүсү болот. Өкмөт курамы Иран парламентинин жактыруусунан өтүүсү керек. Кабарларга караганда, Ахмадинежад сунуш кылган талапкерлер парламенттеги байистүү саясатчылар менен катар президенттин июндагы талаштуу шайлоодогу жеңишин мыйзамсыз деп эсептеген консерваторлордун да каршылыгына кабылуусу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG