Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:04

Ош облусунда жаcaлма бомба, курал-жарак кармалды


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет. ИИМдин тогузунчу бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунда атайын операция жүргүзүп, бир катар жашоочулардан радикалык исламга үндөгөн материалдарды табышкан. Мады айылынын бир жашоочусунун үйүнөн РГД маркасындагы граната, жасалма бомба жана ок дарылар чыккан. Учурда алынган курал-жарактар тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, бир катар укук коргоочулар УКМК жана милиция террорчулукка жана диний экстремизмге каршы күрөшүүдө адам укуктарын бузган учурлар бар экенин айтып келатышат. Маселен укук коргоочулардын айтымында, Ноокат окуясында камалгандар, Ош жана Жалал-Абаддагы куралдуу операциялар боюнча көптөгөн суроолорду жараткан жагдайлар кездешет. (IJz)

XS
SM
MD
LG