Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Ошто бала бакчалардын саны кескин кыскарды


Ош шаардык агартуу башкармалыгынын жетекчиси Абдивали Балтабаевдин «Азаттыкка» маалымдашынча, акыркы жылдары бала бакчалардын саны дээрлик эки жарым эсеге азайды. Кичинекейлер асыралчу 70 мекеменин 52си менчиктештирилип, учурда ар кайсыл ишканалардын кеңсесине айландырылган. Натыйжада орундардын тартыштыгынан улам калаадагы бала бакчалардын ар биринде учурда 180 баланын ордуна 250-300 бөбөк тарбияланууда.
Жергиликтүү адистер бала бакчалар социалдык обьекти катарында менчиктештирилүүгө жатпастыгын, андайга жол койгон жетекчилерди жазалоо зарылдыгын белгилешүүдө. Ал эми Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов бул маселенин мыйзамдуулугун териштирүүнү тиешелүү органдарга тапшыргандыгын билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG