Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Бүгүн авиакырсыкка бир жыл болот


Өткөн жылы 24-августта “Итек-Эйр” компаниясына таандык “Боинг-737” учагы Бишкек-Тегеран каттамы боюнча “Манас” аба майданынан кечки саат сегиз жарымда абага көтөрүлүп, арадан аз убакыт өтпөй Жаңы-Жер айылынын аймагына авариялык абалда конууга аргасыз болуп, жерге түшкөн учак кыйроого кабылып, күйүп кеткен. Маалыматтарга караганда бул кырсыктан 65 адам мерт болуп, жаракат алган 22 адам ооруканада дарыланып, 3 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Үстүбүздөгү жылы 14-августта Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда “Боинг-737” учагы боюнча сот процесси башталып, жабырлануучулардын жактоочусу Ирина Синельникованын материалдар менен толук таанышып чыгуу өтүнүчүнөн кийин сот иши 27-августка жылдырылган.
Авиакырсык боюнча “Боингдин” учкучтары Юрий Гончаров менен Тимофей Водолагин алдын ала тергөөлөргө ылайык Кылмыш кодексинин 280-беренеси боюнча айыпталууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG