Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Ирак: ал-Маликини четке калтырган коалиция түзүлдү


Ирактын шийи топтору өкмөт башчы ал-Маликини четке калтырган коалиция түздү. Ирактын шийи топторунун башкы уюмдары январ айына белгиленген жалпы шайлоодо жеңип чыгуу үчүн жаңы саясий ынтымак түзүштү, бирок ага өкмөт башчы Нури ал-Маликинин Дава партиясы киргизилген жок. Ал-Малики мырза болсо шийи коалициясын кеңейтүү, ага ал түгүл сунний арабдар менен күрттөрдүн партияларын кошуу талабын айтып чыккан болчу. Шийилердин жаңы ынтымагына иранчыл уюм – Ирактын Жогорку Исламдык Кеңеши, ошондой эле диниятчы Муктада ас-Садрдын анти-америкалык маанайдагы блогу жана башка айрым сунний партиялар баш кошту.

XS
SM
MD
LG