Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

Сталиндик репрессия кыргыз интеллигенциясын кыйраткан


"Ата Бейит" мемориалдык комплекси

"Ата Бейит" мемориалдык комплекси

Быйыл апрель айында Европа парламенти 23-августту репрессия курмандыктарын эскерүү үчүн жалпы европалык күн катары жарыялаган.

Ал эми 2000-жылы Кыргызстанда 1936-38-жылдардагы авторитардык режимдин курмандыктарын эскерүүгө арналган “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси курулган. Ал жерде эл душмандары катары атылып кеткен кыргыз интеллигенциясынын 136дан ашуун белгилүү атуулдарынын сөөгү коюлган. Алардын ичинде мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов бар. Ошондон репрессиянын запкысын башынан кечирген Төрөкул Айтматовдун уулу академик Илгиз Айтматов менен маек курганбыз.

- Илгиз мырза! Тоталитардык режимдин курмандыктары тууралуу сиз атаңыз Төрөкул Айтматовдун үй-бүлөсү башынан кечирген тагдыр башкаларга маанилүү сабак болот го деп ойлойбуз. Эске салып бербейсизби?

- Республиканын өзүнчө көз карандысыз мамлекет болуу тарыхын биздин аталарыбыз баштаган. 1935-жылы
атам Төрөкул Айтматов Москвага Кызыл профессура институтуна окууга жөнөтүлгөн. Советтер Союзунун негизги идеологиялык кызматкерлерин даярдаган ал жерге мамлекеттик кызмат боюнча тажрыйбасы бар, таза иштеген мамлекеттик кызматкерлерди окууга жиберген. Ошол 35-жылы атабыз менен үй-бүлөбүз Москвага көчүп кеткенбиз.

Сталиндик репрессия 37-жылы башталганда жер-жерлердеги, региондордогу гана эмес, түрдүү республикалардан келип Кызыл профессура институтунда окуп жаткан белгилүү кызматкерлерди репрессияга тартып, үй-бүлөлөрүн Сибирге айдаган. Атамды партиядан чыгарабыз деген маселе коюлганда, атам бизди Таласка Шекерге жөнөткөн экен убагында. Антпесе биздин үй-бүлөнү Сибирге айдап кетмек.

- Илгиз мырза! Ошондо сиз канча жашта элеңиз? Агаңыз Чыңгыз Айтматов канчада эле? Канчалык айтууга оор болсо да эске салууга туура келип жатпайбы.

- Чыңгыз агам он жашка кеткен учуру. Мен алты жаштагы бала элем. Бизди атабыз дагы, апабыз дагы бизди абдан жакшы идеологиялык таасирде мыкты тарбиялаган деп ойлойм. Советтер Союзунун жалпы идеологиясын, жалпы негизги максаттарын ошол кезде эле бизге түшүндүргөн экен.

- Атаңыздын репрессияга кабылгандыгын кийин билдиңиздер да. Сиздер Таласка келе бергенден атаңыздын эмне болгондугу боюнча кайрылып, жооп ала алдыңыздарбы?

- Апабыз Москвага кат менен кайрылган эле Төрөкул Айтматовдун тагдырын сурап. Ошондо 1939-жылы Москвадан жооп келген. “Сиздин күйөөңүз Төрөкул Айтматов он жылга сот аркылуу кесилген” деген аныктаманын көчүрмөсү келген. Башка эч кандай жооп болгон жок. А, чынында 1938-жылы 8-ноябрда биздин Кыргызстанда репрессия болгон 136 киши атылып, Чоң-Ташка көмүлгөн.

- Сиздердин үй-бүлө андагы убактагыларга салыштырганда, кат-сабаттуу дегендей, эчен жылдар өтүп кетсе деле атаңыздын эмне болгондугу боюнча билгиңиздер келгендир?

- 1957-жылы Чыңгыз болуп, Москвага кайра кайрылганда: “Сиздин күйөөңүз, (апабызга) 8-ноябрь 1938-жылы кайтыш болгон. Кайтыш болгон жери белгисиз. Ошол кайтыш болгондугунун себеби да белгисиз”.. деген кат келген.

- Эми “Ата-Бейиттин” тарыхына да токтоло кетсеңиз?

-1991-жылы биздин мамлекет өзүнчө эгемендүү болгондо 37-жылы репрессияда атылган кишилердин тагдыры ошондо гана аныкталды. Репрессиянын курмандыктары табылган документтери менен “ Ата-Бейитке” коюлду.

Көрсө ал жерде илгери кирпич чыгарган ишкана болгон экен. Репрессиянын кишилерин атып, ошол жерге чогуу көөмп салышкан. Ным болбогондуктан алардын өздүк документтери, аты-жөнү жазылган жазуулар, өчпөй сакталып калыптыр. Атамдын көйнөгүнүн чөнтөгүндө атамдын аты жазылган кагаздан билдик.

Ошондо биздин мамлекет тарабынан чечим кабыл алынып, ошол жерге “Ата-Бейит” тургузуш керек деп, мемориалдык комплекс курулду. Табылган кишилердин аты-жөнү жазылды. Анын ичинде атамдын аты жазылды.

Мына ал жерге Чыңгыздын да сөөгү коюлгандан кийин биз үчүн өтө ыйык жер болуп калды. Чыңгыз атасынын жанына коюлганын туура көрдү го деп эсептейм. Ар убак барып,эстеп, эскерип турабыз.

- Илгиз мырза! Репрессияга жалпысынан кандай адамдар туш болгон?. Майда улуттардын көрүнүктүү адамдарынын көзүн тазалоонун артында кандай саясат жатты эле?

-Кичинекей улуттун ичинен чыккан билимдүү, келечекти көрө билгендерди жок кылуу саясаты жүргөн да. Мындай адамдар Сталинге жана анын тегерегиндегилерге тоскоолдук кылбасын деп, ошол кезде биздин улуттун, советтик доордо ХХ кылымдын башында, ортосуна чейин пайда болгон белгилүү мамлекеттик, партиялык кызматкерлер жок кылынган.

Бардыгы атылды да. Биздин келечектин пайдубалын ошолор түптөй баштаган да. Ошол сталиндик репрессия
жалпы Советтер Союзунун тарыхында эң бир кара так болуп калды.

- Илгиз мырза! Согушту көргөн муундар кийинкилерге согушту көрбөгүлө деп тилек кылып калышат. Анын сыңарындай Кыргызстанда 37-жылдагы репрессия, саясый куугунтук кайталанууда деген айрым саясатчылардын сөздөрү бар? Кандай жооп айтат элеңиз?

-Мен ойлойм. Мындай нерселер болушу мүмкүн эмес. Биз билебиз, көргөнбүз репрессия эмне экендигин. Негизи идеологияда, жалпы республикадагы элдин биримдиги болуш керек. Сталин заманындагыдай репрессиянын болушу мүмкүн эмес. Каалабайт элем аны.
XS
SM
MD
LG