Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Укук коргоочулар президентке кайрылышты


Укук коргоочулардын президент Курманбек Бакиевди абактагы үч активисттин укугун жана коопсуздугун камсыздоого чакырышты. Ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнө, элчиликтерге жолдонгон кайрылууда Бишкектин номер биринчи сизосунда отурган Сапар Аргынбаев, Эркин Бөлөкбаев, Уран Рыскулов 24-августа катуу токмоктолгону айтылган. Чүйдүн Петровка айылындагы улут аралык жаңжал учурунда камалган бул жарандар, адам укугун коргоочулардын кечээги кайрылуусунда азыркы бийликтин саясий оппоннеттери деп аталган. Кызмат адамдарынын алардын коопсуздугун камсыздоо багытында натыйжалуу чара көрбөгөнүнөн улам коомчулук “мамлекет саясий оппозицияны жазалоо үчүн криминалитет менен ширелишип кетти”,- деп баалоосуна негиз бар деп айтылат кайрылууда.

XS
SM
MD
LG