Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

Хатами реформачылардын сотун айыптады


Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хатами реформачыл саясатчылардын үстүнөн жүрүп жаткан сот “өлкө үчүн ойрондоткуч” жана мыйзамсыз деп билдирди. 12-июнда өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык акциялары маалында камакка алынгандардын арасында бир катар реформачыл саясатчылар, Хатами президент болуп турган маалда жогорку кызматты ээлегендер да бар. Мохаммад Хатами шайлоодо Махмуд Ахмадинежаддын атаандашы болгон реформачыл саясатчы Мир Хусейин Мусавини колдогон. Мусави шайлоодо добуштар массалык түрдө бурмаланды деп Иран бийликтерин сынга алып келет.

XS
SM
MD
LG