Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

Бүгүн Э.Булекбаевге байланыштуу сот болот


“Жашылдар” партиясынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Башкы прокуратуранын жеке арызы боюнча аталган партиянын лидери Эркин Булекбаевге козголгон иш Бишкек шаардык сотунда каралышы күтүлүүдө. Ага Кылмыш Кодексинин 128-беренеси боюнча (Акарат кылуу) айып тагылган. Эскерте кетүүчү жагдай, 2008-жылы 13-декабрда “Жашылдар” партиясынын кеңсээсин прокуратура кызматкерлери тинтүүгө алышып, палакаттарды, карикатураларды алып кетишкен. Бул боюнча Башкы прокуратура Эркин Бөлөкбаевди “Президент Курманбек Бакиевди кемсинтти” деп, Биринчи май райондук сотуна доо арыз жолдогон. Андан кийин 26-апрелде Петровкадагы окуяга байланыштуу “Жашылдар” партиясынын лидери Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынып, ага баш аламандыкты уюштурууга тиешеси бар делип айып тагылган. Ал учурда Бишкектин №1 убактылуу тергөө абагында камакта жатат. (AJ)

XS
SM
MD
LG