Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

Тегеранда Ирактын шийит саясатчысын эскеришет


Абдул Азиз ал – Хаким Иран башкааласында өпкөнүн рак орусунан дарыланып жатып, каза тапты. Маркумдун сөөгү Ирактын түштүгүндөгү Нажаф шаарына коюлмакчы.

Абдул Азиз ал – Хаким Иракта калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн шийиттердин эң ири саясий партиясы, шийиттердин бийликтеги альянсынын мүчөсү - Ирак ислам Жогорку кеңешин жетектеп келген.

Абройлуу шийит динаятчысынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн ал- Хаким учурунда сүргүндөгү оппозициянын кыймылын түзүүгө жардам берген. Кыймыл Иранда жайгашып, Саддам Хусеиндин суниттер үстөмдүк кылган режимине каршы күрөшкөн эле. Ал мекенине 2003-жылы, АКШ Иракка басып киргенден кийин гана кайтып келген. Ирактын азыркы премьер- министри Нури ал – Малики маркум ал –Хаким жаңы Иракты куруу жараянынын уюткусу болгонуна токтолду. Ал эми АКШнын Ирактагы элчиси Кристофер Хилл жана Ирактагы америкалык аскерлердин командачысы, генерал Рэй Одиерно биргелешкен билдирүүсүнө ал – Хаким жаңы Иракты курууда “каармандыкты жана туруктуулукту” көргөзгөнүн белгилешти.

XS
SM
MD
LG