Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:30

Өкмөт келерки жылдын бюджетин карайт


Бүгүн түштөн кийин өкмөттүн жыйыны болуп, анда келерки жылдын жана жакынкы жылдардын бюджет долбоору каралат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун төрагалыгы менен өтө турган жыйында бюджет долбоору тууралуу каржы министри Марат Султанов маалымат берет. Ал эми Каржы министрлигинин сайтынан алынган маалымат боюнча, келерки жылы ИДП 3.1% өсүшү күтүлүүдө. Ал эми
бюджеттин таңсыктыгы сырткы гранттар жана мамлекеттик инвестицияларды кошпогондо 5.1% болоору белгиленүүдө. Республикалык бюджеттин кирешеси 46 миллиард 434 миллион сом, чыгашасы 59 миллиард сомдон ашуун болот деп саналууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG