Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:10

Жалал-Абат облусунда 700 мугалим жетишсиз


Бүгүн өткөн мугалимдердин август кеңешмесинде мектептерге жаштар келбей, анда 40-50 жаштын тегерегиндеги адистер калганы айтылып, педагогдорго жеңилдиктерди берүү, айылыгын мындан да көбөйтүү, үй-жай жана жер участкалары менен камсыз кылуу, билим сапатын жогорулатуу көйгөйлөрү көтөрүлдү. Өткөн окуу жылында балдардын сабакка жана облустагы мектептердин олимпиадаларга катышуусу аз болгон. Облуста балдар бакчаларынын саны азайып, аларды оңдоого каражат бөлүнгөн эмес. Балдардын жаатташып мушташуусу, алардын жол кырсыгына кабылышы, мектеп рекетчилиги, диний экстремизмге азгырылышы токтой элек. Мектептерди компьютерлер менен камсыздоо 47 пайызды түзгөн. Быйыл төрт мектеп курулган, бешөө курулууда. Билим берүүнүн облустук усулдук борборунун деректири Нуралы Абылов облус мектептерине 700 мугалим жетишсиз экендигин билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG